Жаңылыктар
Дан эгиндери былтыркыга караганда көп жыйналды
Кыргызстан жаңылыктары
Дан эгиндери былтыркыга караганда көп жыйналды

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатканына байланыштуу Улуттук статистика комитети 11-ноябрда кезектеги баяндамасын жарыялады. Анда белгиленгендей, 23-октябрга карата дан эгиндери 579 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда 1,2% көп. 

Алгачкы кабыл алынган салмакта 1,6 миллион тонна дан жыйналганы, бул 15% аз экени, эгиндин көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылга салыштырганда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү дээрлик 28% азайышы менен шартталганы белгиленди. Быйыл жайында күн аябай ысык болгондуктан вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы былтыркыга караганда дээрлик 26%, арпаныкы 29,5 % кыскарды. Дан буурчак, май өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын жыйналуучу аянттары азайды.