Жаңылыктар
Жаңы жылдан бир катар ишмердүүлүккө патент жоюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жылдан бир катар ишмердүүлүккө патент жоюлат

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотуларын эскертет. Алар, базарларда жана кичи базарларда чекене сатуу, дүкөндөрдө чекене сатуу, дүкөндөрдөн, соода борборлорунан жана базарлардан тышкары чекене сатуу, соода түйүндөрүн пайдалануу менен соода борборлорунда чекене сатуу, күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, лотокторду, прилавкаларды, чатырларды, боз үйлөрдү, кол арабаларын, бастырмаларды жана башка убактылуу темир конструкцияларын пайдалануу менен базарлардан тышкары автоунааларга кошумча бөлүктөрдү жана материалдарды сатуу, "тез тамактануу" тармагынын азыктарын сатуу, үй жаныбарларын багуу жана сатуу, нан жасап сатуу, үйдө кум блокторду, шлак блокторду жана брусчаткаларды өндүрүү, сатуу, өзү жасаган кол өнөрчүлүк ишинин буюмдарын сатуу, мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди, постаменттерди жана коштоочу элементтерди жасоо, сатуу, сүрөтчүлөрдүн ишмердүүлүгү, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу. 

Патенттин негизинде соода жүргүзгөн ишкерлер 2024-жылдын 1-январына чейин салык салуунун башка режимине: жалпы салык режимине же бирдиктүү салыкка өтүүлөрү керек. Бирдиктүү салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт. 

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер ККМди пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.