Жаңылыктар
Самбочу Жамалбек Асылбек уулу алтын медаль утту
Кыргызстан жаңылыктары
Самбочу Жамалбек Асылбек уулу алтын медаль утту

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, спортчу 88 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып, алгачкы беттеште гондурастык спортчуну утса, кийинки тепкичте түркмөнстандык балбанды жеңген. 

Чейрек финалда беларустук спортчуну жеңип, жарым финалдык беттеште армениялык балбанды утуп, финалга жолдомо алган. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште казакстандык балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталды. Белгилей кетсек, буга чейин самбочулар Белек Бараканов күмүш, Саяк Бараканов жана Бекболот Токтогонов коло медаль уткан.