Жаңылыктар
Илимдеги өзгөрүүлөр: Кечээ, бүгүн, эртең
Кыргызстан жаңылыктары
Илимдеги өзгөрүүлөр: Кечээ, бүгүн, эртең

Бул атайын лаболаторияда өстүрүлгөн картошканын көчөттөрү. Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимий кызматкерлери бир жылдан бери оорусу жок мөмө-жемиш, айыл чарба азыктарынын көчөттөрүн өндүрүү менен алек. Каржылоо жоктугунан өлкө эгемендик алгандан бери адистер студенттерди окутуп, даярдап келсе, былтыр окуу жайга өзгөчө макам берилип, анын аркасы менен илимий изилдөөлөргө шарт түзүлгөн. Бул биздин илимий коомчулуктун өкүлдөрү жасай алган илимий-техникалык иштеп чыгуулардын бир эле мисалы.