Жаңылыктар
Ыш маселеси кантип чечилет?
Кыргызстан жаңылыктары
Ыш маселеси кантип чечилет?

Бишкек жылытуу мезгилинин келиши менен кайрадан дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы ондугуна кирди. Айрым учурда үчилтикке кошулат. Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун тизмесиндеги мындай кооптонуу акыркы учурда эч кимди деле таң калтырбай калды көрүнөт. Бирок, расмий маалыматка таянсак, акыркы төрт жылда абага бөлүнүп чыккан уу заттар 9,9% өскөн. Анын ичинде абаны булгаган күкүрттүн кош кычкылы 2017-жылы 7,8 миң тонна болсо, 2021-жылы 15 миң тоннаны чапчыган.