Жаңылыктар
Президент бир аптада бир катар ири иш-чараларга катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент бир аптада бир катар ири иш-чараларга катышты

Өтүп бара жаткан аптада Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун иш графиги адаттагыдай эле өтө тыгыз болду. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, бүйүрүн кызыткан бир катар эл аралык иш-чараларга катышып, дүйнөлүк саясий лидерлер менен жолугушуп, Кыргызстанга кызыгуусун арткан инвесторлор менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жетишти. 

Алгач эле Ташкентте өткөн Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитине катышты. Анда сөз алган Мамлекет башчысы учурдагы курч кырдаалдар орун алып турган бир катар көйгөйлөрдү да көтөрүп өттү. Бул - Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Газа тилкесиндеги курч абал. Садыр Жапаров - тараптарды согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырды. Ал эми Экономикалык кызматташтык уюму - кызматташуунун келечегин талкуулоого перспективдүү айдың болуп берерин белгиледи. Альянс заманбап шарттарда интеграциянын натыйжалуулугу үчүн эбегейсиз дараметке ээ экенин айтып, буга байланыштуу аталган форматтын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын атады. Алгачкысы бул - альянстагы - соода тармагы.