Жаңылыктар
Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо долбоору боюнча 145,1 млн сом берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо долбоору боюнча 145,1 млн сом берилди

Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо долбоору боюнча 145,1 млн сом берилди. Мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, аталган аймакты өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2" долбоору бекитилген. Анын максаты облусту андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөө көлөмү 350 млн сом суммасын түзүүдө.