Жаңылыктар
С.Жапаров: Ар бир жаран өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти ала турган мезгил келди
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жапаров: Ар бир жаран өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти ала турган мезгил келди

Ар бир жаран өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти ала турган мезгил келди. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун “Бирдиктүү эл - күчтүү өлкө” улуттук форумунун катышуучуларына карата кайрылуусунда айтылат. 

Мамлекет башчынын кайрылуусун Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуду. Президенттин кайрылуусунда биз, бирдиктүү Кыргызстан эли, жетишкендиктерибизге бирге кубанып, башыбызга түшкөн кыйынчылыктарды бирге көтөрөбүз. Баарыбыз тынчтыкты, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүн каалайбыз. Улутуна, динине, тегине жана социалдык абалына карабастан Кыргыз Республикасынын ар бир жараны бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ, - деп айтылат.