Жаңылыктар
Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Аксы районунун Тосту айылындагы Ак-Терек участкасында кубаттуулугу 500 киловаттык чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. 

Кичи электр станциясынын расмий ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. ГЭС жергиликтүү жеке ишкер Нурлан Ормонов тарабынан куруп, 750 миң доллар өлчөмүндөгү каражат жумшалган. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул демилге президенттин койгон тапшырмасын ишке ашыруу менен өлкөдөгү электр энергиясына болгон муктаждыкты жөнгө салуу аракети экенин белгиледи. Алдыда чакан ГЭС куруу демилгеси бар ишкерлерди ар тараптуу колдоо аракети дагы да уланаарын айтып, облустун энергетика жаатындагы артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясы жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалмакчы.