Жаңылыктар
Таштанды челектен табылган баланын жакын туугандары изделет
Кыргызстан жаңылыктары
Таштанды челектен табылган баланын жакын туугандары изделет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкекте таштанды челектен табылган наристеге карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. 

Бишкек шаарынын Октябрь административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери тарабынан №1 төрөт үйүнө чыгуу уюштурулуп, баланын абалын текшеришти. Ошол эле учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу, жакын туугандарын табып, камкордукка берүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. "Эгерде жакын туугандары табылбай же камкорчулуктан баш тарткан учурда баланын маалыматтары кийин асырап алуу үчүн ата-энесинин камкордугусуз калган бала катары Мамлекеттик маалымат банкына киргизилет жана социалдык мекемеге жайгаштырылат. Наристени жекече коргоо планы жана маалымат Октябрь административдик районунун Балдар иштери боюнча комиссиясында ушул жумада каралат", - деп айтылат маалыматта.