Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан-Бахрейн курамаларынын жолдоштук беттеши орун алат. Таймаш Эр-Рифа шаарынын Bahrain National Stadium стадионунда болот. Буга чейин аталган курама менен кыргыз футболчулары 4 жолу беттешкен. Баардык оюндарда Кыргызстан Бахрейнге утулуп келген. Эми 5-жолу майдан талаасынан кез келгени турат. Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 21:00дө башталат.
Маалым кыла кетсек, ФИФАнын 20-октябрдагы жарыяланган рейтингинде Бахрейн 123, ал эми Кыргызстан командасы 99-орунга жайгашкан. Бул беттеш Кыргызстандын улуттук курамасынын 101-оюну болуп саналат.
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын тарыхындагы беттештер
1994-жыл
Өзбекстандын Көз карандысыздык Кубогу
1-беттеш. Ташкент. 13-апрель. Түркмөнстан 5:1 Кыргызстан
2-беттеш. Ташкент. 15-апрель. Тажикстан 1:0 Кыргызстан
3-беттеш. Ташкент. 17-апрель. Кыргызстан 0:0 Казакстан
4-беттеш. Ташкент. 17-апрель. Өзбекстан 3:0 Кыргызстан
1996-жыл
Азия Кубогу. Тандоо туру
5-беттеш. Эр-Рияд. 24-январь. Сауд Арабия 3:0 Кыргызстан
6-беттеш. Эр-Рияд. 26-январь. Йемен 1:0 Кыргызстан
7-беттеш.Эр-Рияд. 31-январь. Сауд Арабия 2:0 Кыргызстан
8-беттеш. Эр-Рияд. 2-февраль. Кыргызстан 3:1 Йемен
1997-жыл
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
9-беттеш. Дамаск. 4-июнь. Кыргызстан 0:7 Иран
10-беттеш. Дамаск. 6-июнь. Кыргызстан 3:0 Мальдив
11-беттеш. Тегеран. 9-июнь. Иран 3:1 Кыргызстан
12-беттеш. Тегеран. 11-июнь. Кыргызстан 2:1 Сирия
13-беттеш. Тегеран. 13-июнь. Мальдив 0:6 Кыргызстан
1999-жыл
Азия Кубогунун тандоо туру
14-беттеш. Дүйшөмбү. 3-август. Оман 3:0 Кыргызстан
15-беттеш. Дүйшөмбү. 5-август. Тажикстан 3:2 Кыргызстан
16-беттеш. Дүйшөмбү. 7-август. Иран 5:1 Кыргызстан
2000-жыл
Батыш Азия федерациясынын Кубогу
17-беттеш. Амман. 23-май. Иордания 2:0 Кыргызстан
18-беттеш. Амман. 25-май. Кыргызстан 0:2 Ливан
19-беттеш. Амман. 27-май. Кыргызстан 0:4 Ирак
Жолдоштук беттеш
20-беттеш. Таллин. 15-ноябрь. Эстония 1:0 Кыргызстан
2001-жыл
Жолдоштук беттеш
21-беттеш. Таиланд. 30-январь. Таиланд 3:1 Кыргызстан
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
22-беттеш. Сингапур. 3-февраль. Сингапур 0:1 Кыргызстан
23-беттеш. Сингапур. 6-февраль. Бахрейн 1:0 Кыргызстан
24-беттеш. Сингапур. 9-февраль. Кыргызстан 0:3 Кувейт
25-беттеш. Кувейт. 21-февраль. Бахрейн 2:1 Кыргызстан
26-беттеш. Кувейт. 24-февраль. Кувейт 2:0 Кыргызстан
27-беттеш. Кувейт. 27-февраль. Кыргыз 1:1 Сингапур
2003-жыл
Азия Кубогунун тандоо туру
28-беттеш. Непал. 16-март. Кыргызстан 1:2 Ооганстан
29-беттеш. Непал. 20-март. Непал 0:2 Кыргызстан
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
30-беттеш. Пакистан. 29-ноябрь. Пакистан 0:2 Кыргызстан
31-беттеш. Бишкек шаары. 3-декабрь. Кыргызстан 4:0 Пакистан
2004-жыл
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
32-беттеш. Бишкек. 12-февраль. Кыргызстан 1:2 Тажикстан
33-беттеш. Бишкек. 31-август. Кыргызстан 1:1 Сирия
Жолдоштук беттеш
34-беттеш. Доха. 5-июнь. Катар 0:0 Кыргызстан
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
35-беттеш. Арад. 9-июнь. Бахрейн 5:0 Кыргызстан
36-беттеш. Бишкек. 8-сентябрь. Кыргызстан 1:2 Бахрейн
37-беттеш. Бишкек. 13-октябрь. Тажикстан 2:1 Кыргызстан
Жолдоштук беттеш
38-беттеш. Кувейт. 10-ноябрь. Кувейт 3:0 Кыргызстан
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
39-беттеш. Сирия. 17-ноябрь. Сирия 0:1 Кыргызстан
2006-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу
40-беттеш. Дакка. 2-апрель. Пакистан 1:0 Кыргызстан
41-беттеш. Дакка. 6-апрель. Кыргызстан 1:0 Тажикстан
42-беттеш. Дакка. 7-апрель. Кыргызстан 2:0 Макао
43-беттеш. Дакка. 9-апрель. Палестина 0:1 Кыргызстан
44-беттеш. Дакка. 13-апрель. Тажикстан 2:0 Кыргызстан
Жолдоштук беттеш
45-беттеш. Алматы. 5-июль. Казакстан 1:0 Кыргызстан
2007-жыл
Алма-ТВ Кубогу
46-беттеш. Казакстан 2:0 Кыргызстан
47-беттеш. Шымкент. 9- март. Өзбекстан 6:0 Кыргызстан
48-беттеш. Шымкент. 11- март. Азербайжан 1:0 Кыргызстан
Неру Кубогу
49-беттеш. Дели. 19-август. Кыргызстан 4:3 Камбоджа
50-беттеш. Дели. 21-август. Сирия 4:1 Кыргызстан
51-беттеш. Дели. 24-август. Бангладеш 0:3 Кыргызстан
52-беттеш. Дели. 26-август. Индия 3:0 Кыргызстан
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
53-беттеш. Бишкек. 18-октябрь. Кыргызстан 2:0 Иордания
54-беттеш. Амман. 28-октябрь. Иордания 2:0 Кыргызстан
2008-жыл
Жолдоштук оюн
55-беттеш. Маскат. 27-апрель. Оман 2:0 Кыргызстан
АФКнын Чакырык Кубогу. Тандоо туру
56-беттеш. Бишкек. 7-май. Кыргызстан 0:1 Ооганстан
57-беттеш. Бишкек. 9-май. Кыргызстан 2:1 Бангладеш
2009-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу. Тандоо туру
58-беттеш. Катманду. 28-март. Непал 1:1 Кыргызстан
59-беттеш. Катманду. 30-март. Кыргызстан 1:1 Палестина
Жолдоштук беттеш
60-беттеш. Кытай. 25-июль. Кытай 3:0 Кыргызстан
Неру кубогу
61-беттеш. Дели. 20-август. Сирия 2:0 Кыргызстан
62-беттеш. Дели. 23-август. Индия 2:1 Кыргызстан
63-беттеш. Дели. 25-август. Кыргызстан 1:1 Ливан
64-беттеш. Дели. 28-август. Шри-Ланка 1:4 Кыргызстан
2010-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу
65-беттеш. Коломбо. 19-февраль. Кыргызстан 0:4 КЭДР
66-беттеш. Коломбо. 21-февраль. Түркмөнстан 1:0 Кыргызстан
2011-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу. Тандоо туру
67-беттеш. Мале. 21-март. Тажикстан 1:0 Кыргызстан
68-беттеш. Мале. 23-март. Кыргызстан 1:2 Мальдив
69-беттеш. Мале. 25-март. Камбоджа 3:4 Кыргызстан
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
70-беттеш. Ташкент. 23-июль. Өзбекстан 4:0 Кыргызстан
71-беттеш. Бишкек. 28-июль. Кыргызстан 0:3 Өзбекстан
2012-жыл
Жолдоштук беттеш
72-беттеш. Алматы. 1-июнь. Казакстан 5:2 Кыргызстан
2013-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу. Тандоо туру
73-беттеш. Бишкек. 17-март. Кыргызстан 1:0 Макао
74-беттеш. Бишкек. 19-март. Кыргызстан 1:0 Пакистан
75-беттеш. Бишкек. 21-март. Кыргызстан 1:0 Тажикстан
Жолдоштук беттештер
76-беттеш. Таллин. 11-июнь. Эстония 1:1 Кыргызстан
77-беттеш. Кишинёв. 14-июнь. Молдова 2:1 Кыргызстан
78-беттеш. Минск. 6-сентябрь. Беларусь 3:1 Кыргызстан
79-беттеш. Жакарта. 1-ноябрь. Индонезия 4:0 Кыргызстан
80-беттеш. Бишкек шаары. 19-ноябрь. Кыргызстан 0:0 Азербайжан
2014-жыл
Жолдоштук беттештер
81-беттеш. Дубай. 13-апрель. Ооганстан 0:0 Кыргызстан
82-беттеш. Кувейт. 12-май. Ооганстан 1:0 Кыргызстан
83-беттеш. Кувейт. 16-май. Кувейт 2:2 Кыргызстан
АФКнын Чакырык Кубогу. Финалдык баскыч
84-беттеш. Мале. 19-май. Палестина 1:0 Кыргызстан
85-беттеш. Мале. 21-май.Кыргызстан 0:2 Мальдивы
86-беттеш. Мале. 21-май. Кыргызстан 1:0 Мьянма
87-оюн. Астана. 5-сентябрь. Казакстан 7:1 Кыргызстан
2015-жыл
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
88-беттеш. Дакка. 11-июнь. Бангладеш 1:3 Кыргызстан
89-беттеш. Бишкек. 16-июнь.Кыргызстан 1:2 Австралия
90-беттеш. Амман. Иордания 0:0 Кыргызстан
91-беттеш. Бишкек. 8-октябрь. Кыргызстан 2:2 Тажикстан
92-беттеш. Бишкек. 13-октябрь. Кыргызстан 2:0 Бангладеш
93-беттеш. Канберра. 13-ноябрь. Австралия 3:0 Кыргызстан
94-беттеш. Бишкек. 18-ноябрь. Кыргызстан 1:0 Иордания
2016-жыл
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
95-беттеш. Дүйшөмбү. 30-март. Тажикстан 0:1 Кыргызстан
Жолдоштук беттештер
96-беттеш. Тегеран. 7-июнь. Иран 6:0 Кыргызстан
97-беттеш. Бишкек. 6-сентябрь.Кыргызстан 1:2 Филиппин
98-беттеш. Бишкек. 6-октябрь. Кыргызстан 0:0 Ливан
99-беттеш. Бишкек. 11-октябрь. Кыргызстан 1:0 Түркмөнстан
100-беттеш. Манила. 9-ноябрь. Филиппин 1:0 Кыргызстан