Жаңылыктар
Кыргызстан-Иран алакасы артууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Иран алакасы артууда

Иран менен Кыргызстан кызматташтыкты тереңдетүү багытында ар тараптуу иш алып барууда. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукканда Ирандын Кыргызстандагы элчиси Наджафи Хошруди мырза билдирди. Анын айтымында учурда Иран Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Башка мүчө өлкөлөр сыяктуу биримдикке кирүү менен Ирандын дагы соода, экономикалык жактан өнүгүүсүнө жол ачылат,- дейт элчи.

Туризмди өнүктүрүү, саламаттыкты чыңдоо жана экономикалык алаканы бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр бар -деди. Ошондой эле Ирандын медицинасы күчтүүрөөк экенин белгилеп, кыргызстандык жарандарды дарыланууга жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин ырастады. Муну менен катар элчи Кыргызстан менен Иран мунай ташуу боюнча кызматташа аларын да кошумчалады.