Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Ынтымакка доо кетиргендер катуу жазаланат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Ынтымакка доо кетиргендер катуу жазаланат

Элдин ынтымагына доо кетиргендер ким экенине карабастан, мыйзам чегинде катуу жоопко тартылат! Дал ушундай ойду камтыган Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун “Бирдиктүү эл - күчтүү өлкө” жалпы улуттук форумунун жүрүшүндө Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди. Анда өлкө жетекчиси ар бир жаран этносуна, динине, регионуна жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экенин баса белгилеген.