Жаңылыктар
Камбар-Ата-1 ГЭСине каражат бөлүнөт
Кыргызстан жаңылыктары
Камбар-Ата-1 ГЭСине каражат бөлүнөт

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин бүтүрүү үчүн 5 млн доллар бөлөт. Тийиштүү келишимге келишимге кол коюлганын Финансы министрлигинен билдиришти. 

Документке финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койду. Долбоор Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо жана толуктап иштеп чыгуу аркылуу ишке ашырууну колдоого багытталат. Ошондой эле жолугушууда энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана жаңы потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.