Жаңылыктар
Кыргызстан-Венгрия: экономикалык кызматташтык
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Венгрия: экономикалык кызматташтык

Кыргызстандын гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуу булактары боюнча дарамети чоң. Венгриянын бул жаатта чоң тажрыйбасы бар жана технологияга ээ. Ошондуктан республикада ГЭС куруу боюнча биргелешкен маселенин үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев кыргыз-венгер өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 3-жыйынында билдирди. 

Учурдагы эки өлкөнүн кызматташтыгы саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык багыттардын кеңири чөйрөсүн камтыйт. Белгилей кетсек, жыйынды Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин эки тараптуу байланыштар боюнча статс-катчысы Тамаш Менцер алып барышты. Анда тараптар соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, туризм, экология, фармацевтика, энергетика, билим берүү жана башка тармактар боюнча Протоколго кол коюшту.