Жаңылыктар
УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Шпана” деп аталган мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Шпана” деп аталган мүчөсү кармалды

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун “Шпана” деп аталган мүчөсү кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү тарабынан 200 миң сом опузалап алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда соттолгон, 1994-жылы туулган жаран кармалды. 

Ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, 1999-жылы туулган адамдын буйрутмасы боюнча бир жаранга чалып жолугушууну талап кылган. Жолугушууда уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргеликте күч колдонуу менен белгисиз тарапка унаага салып кетишип, ал жерден жогоруда аталган адамдар анын денесине көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ар кандай коркутуулар жана күч колдонуу, ошондой эле тамагына бычак такап уюшкан топтун кассасын толтуруу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражат опузалашкан.