Жаңылыктар
Трамп Гюленди Түркияга өткөрүп береби?
Дүйнө
Трамп Гюленди Түркияга өткөрүп береби?

Дональд Трамптын АКШ президенттигине шайланышы менен түрк бийлиги кошмо штаттарда баш калкалап жаткан Фетхулла Гюленди өткөрүп алууга үмүт артты. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Эрдоган бул маселени козгогону айтылган жок, бирок, ал жакынкы арада талкуулана турганын билдирүүдө. Трамптын бийликке келиши менен Американын дүйнөдөгү, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы саясаты өзгөрөрүн айткандар арбын. Буга мамлекет башчылык кызматка али кирише элек ишмердин АКШ эми жаңжал издебестигин билдиргени, Путин тууралуу жылуу пикирлери себеп болууда. 

Мурда Европа мамлекеттерин өнөктөш катары көргөн АКШнын саясаты эми кандай өңүттө өзгөрүшү мүмкүн? Бул өңдүү суроолор президенттик кызматка шайланган Дональд Трамптын билдирүүлөрүнөн улам жаралууда. Ал шайлоого саналуу күндөр калганда НАТОго АКШ эң көп каражат кошуп жатканын эске салып, эми бул башка өнөктөш өлкөлөрдүн салымына жараша болоорун айткан эле. Ошондой эле аскерий уюмдун багытын кайра карап чыгуу зарылчылыгын билдирген. Ал эми атаандаш катары саналган Орусия тууралуу жылуу пикирлери бар. Москва да Трамптын бийликке келиши менен көп маселеде мунаса табылаарынан үмүт артат. Жаңы президент түрк бийлигинде да жылуу маанай жаратты. Шайлоодон көп узабай президент Режеп Тайып Эрдоган жеңишке ээ болгон талапкерди телефон аркылуу куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жана терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулаганга жетишти.

Анкара 16-июлдагы төңкөрүш аракетин уюштурду деп шектелген, учурда Пенсильвания штатында баш калкалап жаткан Фетхулла Гюленди өткөрүп алууга үмүт артат. Трамптын саясаттагы тарапташтарынын бири, Коргоо министри болушу мүмкүн деп айтылып жаткан генерал-лейтенант Майкл Филиндин макаласынан улам Ак үй менен Ак сарай мурдагыдан жакындашат деп болжогондор арбын. Аскер ишмери анда Түркия террорчулукка каршы күрөшүүдө маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Гюленди кара мүртөз молдо катары сыпаттаган. Бирок, бул али Трамптын позициясы дегенди билдирбейт. Ошентсе да жаңы президенттин соңку билдирүүлөрү үмүт жаратууда.

Дональд Трамп: Мен дүйнөлүк коомчулукка кайрылып айткым  келет. Биз Американын кызыкчылыктарын алдыга койгон күндө да баардыгына  адилеттүү мамиле кылабыз. Баардык элдерге жана бардык өлкөлөргө. Биз  душмандыкты эмес, кызыкчылыктарыбыз дал келген учурду, жаңжалды эмес,  өнөктөштүктү издейбиз.

Бирок, эми Түркия менен АКШнын Сирия маселесиндеги көз-караштары дал келээринен күмөн санагандар арбып жатат. Себеби, Анкара президент Башар Асаддын режимине каршы чыгып келген. Ал эми Дональд Трамп Асадга эмес, ДАЕШке каршы күрөшүүгө көңүл бураарын билдирген.

“Азыркы учурда Россия Сириянын негизги  өнөктөшү. Сирия ДАЕШ менен күрөшүп жатат. Биз да аталган уюмдан кутулушубуз керек. Бул маселеде менин көз-карашым көптөрдүкүнө карама-каршы. Сириядагы  куралдуу оппозицияга жардам берүүнү токтотоор элем. Алар иш жүзүндө кимдер  экенин АКШда көптөр биле бербейт”.

Мындан улам көпчүлүк талдоочулар кубаттуу өлкөлөрдүн Сириядагы таасир талашуу аракеттери басаңдайт деп ишенүүдө. Бирок, бул пикирге кошулбагандар да четтен чыгат. Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар экономикалык кызыкчылыктарга байланыштуу экенин эске салып, чыңалуу мурдагыдай эле улана берет деп боолголойт. Айтылган пикирлер канчалык жүйөөлүү экенин 20-январдан тартып байкоого ала алабыз. Себеби, бул күнү Дональд Трамп Америка элинин алдында ант берип, президенттик кызматка расмий киришет.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"