Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунда жаңы мектептин курулушу аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
 Кара-Кулжа районунда жаңы мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл аймагынын Тегерек-Саз айылында Эркинбаев атындагы мектептин курулушу аяктады. Курулуш иштери 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 150 орунга эсептелген. Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 1 миң 195 чарчы метрди түзөт. 

Мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Негизги окуу класстарынан сырткары, концерттик иш-чаралар өтүүчү зал, англис жана орус тили кабинеттери, химия, биология лабораториялары, эмгек каанасы, китепкана жана дарыгердин кабинети каралган. 

Эскерте кетсек, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасына ылайык, ноябрь айына карата өлкө боюнча 60 мектеп бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керек болгон дагы 40 мектепте курулуш иштери кызуу журүп жатат.