Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн аземине катышып, эл өкүлдөрүн парламенттин эртеңки 85 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда кыргыз парламентинин тарыхы жалпы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланышта экени айтылган. 

Муну менен катар бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш - калктын түрдүү катмарынын ар кандай көз караштарын билдирүү үчүн улуттук аянтча деп белгилеген. Ошондой эле кыргыз парламенти ар дайым кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына кам көрүп, тагдыр чечер тарыхый вазыйпасын орундатат деп бекем ишенерин кошумчалаган.