Жаңылыктар
Келерки жылдан тартып кыргыз балы Кытайга экспорттолот
Экономика
Келерки жылдан тартып кыргыз балы Кытайга экспорттолот

Келерки жылдан тартып кыргыз балы кайрадан Кытайга экспорттоло баштайт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын агро өнөр-жай жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев билдирди.

Бирок ал үчүн Кыргызстан Кытайдын стандарттарына туура келген балды даярдоого туура келет. 

Себеби 3 ай мурда Кытай тиешелүү талаптарга шайкеш келбегендиктен 43 тонна балды кайтарып берген. 

Тактап айтканда балдын курамында тетрациклин дарысы аныкталып, Кытай экспортту токтоткон. 

Бул окуядан соң кыргыз тарап кытайлыктар менен сүйлөшүп, балды өндүрүүдө алар сунуштаган кошулманы колдонуу макулдашылган. 

Бул максатта учурда өлкөдөгү балчылар жана аарчылар ассоциацияларынын өкүлдөрүнө окуу-тренингдери башталды. Мындай окуулар айына бир жолу өтүп турат.