Жаңылыктар
Бажы төлөмдөрү ашыгы менен чогулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы төлөмдөрү ашыгы менен чогулду

Жыл башынан бери бажы кызматынын кирешелери 94 жарым миллиард сом болду. Былтыркы жылга салыштырмалуу 15-ноябрга карата бажы төлөмдөрү 20 млрд сомго көп чогулду. 

Мындай көрсөткүч бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу ишке ашты. Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарынын ишин жеңилдетүү, санариптик кызмат көрсөтүүнү жайылтуу, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү жана коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча комплекстүү иштер аткарылган. Жыйынтыгында буга чейин көрүнбөгөн каражат булактары ачыкталып, бажы төлөмдөрү болуп көрбөгөндөй жогорку суммада жыйналды.