Жаңылыктар
Энергетикалык көз карандылыктан чыгуу аракети
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетикалык көз карандылыктан чыгуу аракети

Өлкөдө энергетикалык мүмкүнчүлүктүн 10% ашыгы гана пайдаланылат. Борбор Азияда энергетикалык ресурстарга бай, анын кайра жаралуу булактарын колдонууга шарты бар мамлекет болгону менен кышкысын сырттан электр энергиясын импорттойт. 

Учурда бир катар инвесторлор менен чакан ГЭСтерди жана күндүн нуру, шамал аркылуу энергия алуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Келечекте өлкөнү энергетикалык көз карандылыктан чыгаруу жана аны экспорттоо менен бюджетке киреше алып келүү планы бар.