Жаңылыктар
Топчубек Тургуналиев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Топчубек Тургуналиев дүйнө салды

Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматка ылайык, ал көптөн бери ооруп жүргөн. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-ноябрда Аксы районунда өтөт.

Тургуналиев Топчубек Тургуналиевич 1941-жылы 5-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Тегирмен-Сай айлында туулган. Маалыматтарга караганда, ал акыркы күндөрү ооруп жүргөн. Ал Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында директор болуп иштеген.

1990-жылы “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын уюштуруучуларынын бири, тең төрагасы болгон. “Эркиндик” партиясын түптөп, аны көп жылдар жетектеген. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана Токой чарба боюнча агенттиктин төрагасы болгон. 

2019-жылы “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясына төрага болуп дайындалган. Бул кызматтан 2021-жылы кеткен.