Жаңылыктар
Астанада Айкөл Манастын айкели орнотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Астанада Айкөл Манастын айкели орнотулду

Астанада Айкөл Манастын айкели орнотулду. Учурда акыркы иштер жасалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, эстелик Астана шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине орнотулду.

"Айкелдин расмий ачылышы жылуу мезгилге пландаштырылган", - деп жазды элчи.