Жаңылыктар
Ак-Сууда 320 орундуу жаңы мектеп курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Сууда 320 орундуу жаңы мектеп курулду

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында Сеит Кульматов атындагы мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим уясы 320 окуучуга ылайыкташкан. Курулуш иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 54 млн сом бөлүнгөн. Мектептин ачылышына облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышып, мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, курулушка салым кошкон айрым инсандарга ардак грамота тапшырды.