Жаңылыктар
2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштургандардын лидерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштургандардын лидерлери кармалды

2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандардын лидерлери жана уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Кыргызстандын жараны кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон. Ошондой эле дагы бир жарандын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы “Круговое” деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулган снайпердик мылтык, түнкү көрүү аппараты менен бар дагы бир мылтык, 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал, ошондой эле алар үчүн 76 даана ок табылган.