Жаңылыктар
Улуттук илимдер академиясында кыскартуулар болду
Билим
Улуттук илимдер академиясында кыскартуулар болду

Өлкөдөгү илим тармагын реформалоо алкагында Улуттук илимдер академиясында кыскартуулар болду.

Бүгүн Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу маалымат берди. 

Улуттук илимдер академиясында мурун 25 илимий изилдөө мекемеси иш алып барса, 9 мекеме кыскарып 16сы калган. 

Андан сырткары, президиумдун 5 кеңешчисинин төртөө кыскарып, 9 илимий мекеменин жетекчилери жоюлган. Ошентип отуруп академиянын системасы 40 пайызга кыскарган. Бирок илимий окумуштуулардын катарынан кыскартуу болгон эмес.