Жогорку Кеңештин 85 жылдык тарыхы эгемендикке умтулган кыргыз элинин тарыхы менен тагдырлаш.
Бул тууралуу парламенттин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда белгиленди. Иш-чарага КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин төрагалары катышты. Конференция Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеянын жыйынынын алкагында уюштурулган.