Кыргыз жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат.
Кыргызстан менен Орусия мигранттарына ыңгайлуу шарт түзүүгө негизделген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырды.
Келишимдин шарттарына ылайык, мигранттар эки өлкө аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Азыр кыргыз жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү - 7 күн, келишим ратификацияланып калса, ал 30 күнгө чейин узартылат.
Тескерсинче, орус жарандарынын Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда.