Бишкек шаарында 18-19-ноябрда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш кундөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.
"Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү", - деп айтылат маалыматта.
Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.
Жарманкенин дареги: Биринчи май району, Киев, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши. Саат 8:00дөн 18:00гө чейин.