Жаңылыктар
Айласы кеткен айдоочулар митингге чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Айласы кеткен айдоочулар митингге чыгышты

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Кытай элчилигин алдына “Бизге виза керек!”, - деген жазуулар менен тынчтык митингине чыгышты.

Айдоочулар виза берүүнү тездетүүнү талап кылып жатат. 30-августта Кытай элчилигинин короосунда жанкечти унаасын жардырган. 

Андан элчилик имараты жана жакын жайгашкан үйлөр зыян тарткан болчу. 

Буга чейин виза берүүнү талап кылган айдоочуларга дипломатиялык өкүлчүлүктөн мындай кадам ремонт иштерине байланыштуу болуп жатат деп билдирген. 

Нааразы болгон тарап эгер ремонт иштери жүрүп жатса, анда башка имарат караштырып виза берилсе деп жатышат.