Жаңылыктар
КМШ ПАА жыйыны: кандай маселелер каралды?
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ ПАА жыйыны: кандай маселелер каралды?

Ордо калаада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-пленардык жыйыны өттү. Ассамблеянын күзгү сессиясын Кыргызстанда ѳткѳрүүнү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сунуштаган. 

Пленардык отурумда экология, коопсуздук жана укук жаатындагы бир катар моделдик мыйзам долбоорлору каралып, орус тилинин улуттар аралык баарлашуунун тили катары ролун талкуулашты.