Жаңылыктар
Элдик жыйынга Ош шаарынан баруучу делегаттар тандалып алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик жыйынга Ош шаарынан баруучу делегаттар тандалып алынды

Элдик жыйынга Ош шаарынан баруучу делегаттар тандалып алынды. Аймактык башкармалыктардан шайланган делегаттар Бишкек шаарында өтүүчү элдик жыйынга катышат. 

Учурда делегаттар Өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүчү элдик жыйында, мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөрдү жеткирет. Ал үчүн делегаттар, калаадагы орчундуу делген маселелерди тизмектеп коюшкан.

Курултай делегаттарын шайлоо Ош шаарында тынч өттү. Бул пикирди делегаттар өздөрү тастыкташууда. Алардын айтымында, катышуучуларга бийлик тарабынан же башка бир өкүлчүлүктөр тарабынан кысым болгон жок.