Жогорку даражалуу меймандар менен саламдашып жатып, губернатор Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы бардык тармактарда туруктуу өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелерди канааттануу менен айтып, өткөн жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкенине токтолду.
Такатоши Нишиваки Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары мамлекеттердин эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров кыргыз делегациясынын жана жеке өзүнүн атынан япон тарапка Япониянын байыркы борбору - «Миң храм шаарындагы» жылуу кабыл алуу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Мамлекет башчысы Күн чыгыш өлкөсүнүн кооздугуна, тактап айтканда Киото шаарына суктанып, таасирленгенин айтып, Япония дайыма өзүнүн уникалдуу салты менен азыркы учурду айкалыштыруу жөндөмү менен таанымал экенин белгиледи. Садыр Жапаров япон тараптан үйрөнө турган көп нерсе бар деп айтып өттү.
Президент Садыр Жапаров кечээ Токиодо өткөн жолугушуулар эки тараптуу өнөктөштүктүн мындан ары кызматташуу келечегине чоң оптимизм берерин белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө макулдашты.