Жаңылыктар
Талапты аткарбаган автобус айдоочулары иштен бошотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Талапты аткарбаган автобус айдоочулары иштен бошотулат

Жол эрежесин сактабаган автобус айдоочуларын иштен бошотулат. 

Мындай тапшырманы Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев коомдук транспорттун көйгөйлөрүн чечүүгө арналган жыйында берди. 

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында мэр Бишкек шаарынын автобустарында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди сынга алып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга аракетсиздик кылган ишкана жетекчилигине тиешелүү жаза чараларын көрүүнү, ошондой эле жол эрежесин жана ылдамдыкты сактабаган, баарлашуу маданиятын сактабаган жана жүргүнчүлөргө кайрылуунун этикеттерин бузган айдоочуларды жумуштан бошотууга чейинки чараларды көрүүнү тапшырды. Жыйында ошондой эле 15-ноябрда жол кырсыгына кабылган №48 автобустун маселеси көтөрүлүп, жабыркаган жүргүнчүлөрдүн абалы, автобусту калыбына келтирүү, транспорт ишканаларынын жетекчилери менен айдоочунун жоопкерчилиги каралды. 

Мындан тышкары жол кырсыктарын болтурбоо жана айдоочуларды жол эрежесин сактоого мажбурлоо маселелери көтөрүлүп, автобустардын ылдамдыгын чектеген, жүргүнчүлөрдү эсептеген жана айдоочулардын жол кыймылын көзөмөлдөгөн жаңы программалык камсыздоону орнотуу боюнча тапшырмалар коюлган.