Жаңылыктар
Бишкек шаарында 17-21-ноябрь күндөрү Түркиянын кино жумалыгы болот
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек шаарында 17-21-ноябрь күндөрү Түркиянын кино жумалыгы болот

Бишкек шаарында 17-21-ноябрь күндөрү Түркиянын кино жумалыгы болот. 

Иш-чара Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик маданий мекемелери тарабынан уюшулуп, жумалыктын бет ачары Кыргыз-Түрк Манас университетинде өттү. Боордош өлкө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кинонун күчүнө негизделген дагы бир көпүрөнү курууну көздөгөн “Түрк кино жумалыгында” кесипкөй режиссерлордун сыйлык алган эмгектери менен бирге кино сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан таанымал тасмалары да жалпы көрүүчүлөрдүн назарына тартууланат. 

Ошондой эле бул мыкты тасмалар аркылуу түрк кинематографиясына «панорамалык» сереп салуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Иш-чаранын алкагында кыргыз-түрк кино өкүлдөрүнүн жолугушуулары болуп, биргелешкен иш-чаралар, сценарийлер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана маектер өткөрүлөт. Ошондой эле Кыргыз-Түрк Манас университетинде анимациялык тасмаларды жаратуу боюнча семинар жана талкуулар ишке ашырылат.

 Белгилей кетсек, Бишкек эл аралык кинофестивалы Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылынын 20-майындагы “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде уюштурулуууда.