Жаңылыктар
Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Токиодо өтө турган Tokyo Grand Slam 2023 мелдешине катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Токиодо өтө турган Tokyo Grand Slam 2023 мелдешине катышат

Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Токиодо өтө турган Tokyo Grand Slam 2023 мелдешине катышат. 

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Tokyo Grand Slam 2023 аталышындагы мелдеш 2-3-декабрь күндөрү өтөт. Курама командада Ханболот Ырысбеков, Кубанычбек Айбек уулу, Чыңгызхан Сагыналиев, Арсений Кладнов, Асад Масабиров, Эрлан Шеров бар. Спортчуларды башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов менен улук машыктыруучу Сергей Кладнов коштоп барат.

Курама команда андан ары 11-декабрга чейин Токио шаарында машыгуу өткөрөт.