Жаңылыктар
Шахмат боюнча “Тилектештик кубогу” турнири өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Шахмат боюнча “Тилектештик кубогу” турнири өттү

Укук коргоо жана жарандык коомдун өкүлдөрү арасында шахмат боюнча “Тилектештик кубогу” турнири өттү. 

Иш-чара 18-ноябрда УКМКсы жана Кыргыз шахмат союзу тарабынан уюштурулду. Мелдешке жалпы 5 тайпадан турган 25 кызматкер катышып, өз күчтөрүн сынашты. Тагыраагы, КР УКМКнын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, жаза аткаруу кызматынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Аталган турнир интеллектуалдык спортту, анын ичинде шахматты өнүктүрүү жана жайылтууну жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы диалог үчүн бейформал аянтчаны түзүү менен биргеликте ортодогу мамилелерди жакшыртуу максатында уюштурулган. Оюн жалпы 7 тур менен өтүп, жыйынтыгында эркек кызматкерлер үчүн өзүнчө, аял кызматкерлер үчүн өзүнчө сыйлыктар каралды. 

Анда биринчи орунду алган аял жана эркек кызматкерге 100 миң сомдон, 2-орунга 75 миң сом, 3-орунду ээлеген кызматкерлерге болсо 50 миң сомдон байгелер ыйгарылды.