Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,6 млрд куб метрди түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,6 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 20-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 676 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 196 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 402 куб метрге жетүүдө.