Жаңылыктар
Бишкекте ташталган дагы бир ымыркай табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ташталган дагы бир ымыркай табылды

Бишкекте дагы бир жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кетишти. Маалыматтарга караганда, түндө наристени Кайгуул милициянын кызматкерлери Арча-Бешик конушунан таап алып, төрөт үйүнө алып келишкен. Кызыл эт баланы полиэтилен пакетке ороп, коробкага салып таштап кетишкен. 

Оозуна даараткана кагазын салып коюшканы айтылууда. Учурда ымыркай №2 төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүндө, абалы туруктуу. Энеси изделип жатат.