Жаңылыктар
Кытайлыктар кыргыз балынын сапатын жогорулатуу ыкмаларын үйрөтөт
Айыл чарба
Кытайлыктар кыргыз балынын сапатын жогорулатуу ыкмаларын үйрөтөт

Келерки жылдан тартып кыргыз балы кайрадан Кытайга экспорттоло баштайт. Бирок ал үчүн Кыргызстан Кытайдын стандарттарына туура келген балды даярдашы керек. Бул максатта учурда өлкөдөгү аарычылар ассоциацияларынын өкүлдөрүнө Кытайдын окуу-тренингдери башталды. Анын үстүнө өкмөт учурда айыл-чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрү менен кошо башка мамлекеттердин рыногуна чыгарууну да көздөп турат.

Кыргыз балы сапаты жагынан дүйнөдө эң мыкты бал деп таанылгандан бери Араб мамлекеттерине, Кытайдын Шанхай, Гунчжоу жана Ханчжоу сыяктуу чоң шаарларына ири өлчөмдө экспорт көбөйгөн. Бирок 3 ай мурда Кытай 43 тонна балды кайтарып берген. Кытайлык өнөктөштөр бул кадамына тиешелүү талаптарга туура келбейт деген жүйө келтирүүдө. Тактап айтканда балдын курамында антибиотик дарылары бар экени аныкталган.
Андан бери эки тарап бир нече ирет сүйлөшүү жүргүзүп, маселени чечүүнүн жолдорун тапты. Кытай тарап кыргыз балчыларын бал даярдоодо аарыларды кытайдын препараттары менен дарылоо боюнча окуу-тренингдерди баштады.
 Кытайлардын аарыларды дарылоого алып келген төрт дарысы айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык дары-дармекти сертификациялоо борборунан өттү. Балчылардын окуулары аяктаса бул дары-дармекти колдонуунун ыкмалары баштан аяк көзөмөлгө алынат.
Кытайга экспорт токтогондон бери балчылардын кардарлары да азайган. Ар биринде эң аз дегенде бир тоннадан балы сатылбай калыптыр. Азыркы тоо балы деле дарылык касиетке ээ экенин айтканы менен балчылар деле үй-бүлө кирешесин көбөйтүү максатында мурда колдонулган дарылардан ордуна кытайдыкын пайдаланууга каршы эмес.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстан быйылкы жылдын тогуз айында 180 тоннага жакын бал экспорттогон.