Жаңылыктар
Талас облусунда Баш мыйзам тууралу талкуу өттү
Аймак
Талас облусунда Баш мыйзам тууралу талкуу өттү

Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча талкуу Талас облусунда да өттү. Күч түзүмдөрүнүн натыйжалуулугун арттыруудагы реформанын мааниси жана өлкө туруктуулугу үчүн референдумдун мааниси тууралу пикирлер айтылды. 

Жыйында жалпы референдум аркылуу өлкөбүздүн баш мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча ой пикирлер ортого салынды. Саясий серепчинин айтымында өсүп өнүгүү болсун десек, анда баш мыйзамды өзгөртүү керек.
 

Баш мыйзамды референдум жолу менен өзгөртүп алсак анда, Президенттин укуктары азайып, Премьер-министрдин укук милдеттери кеңейтилээри түшундүрүлдү. Буга кошумча мурункудай Жогорку Кеңеште түзүлгөн коалиция тараса эле өкмөт дагы толук курамы менен тарап келген практика токтотулуп, өкмөттүн туруктуулугу сакталаары айтылды. Бул жол менен аткаруу бийлиги күчтөнөт. Жыйындын катышуучулары болсо өз кезегинде Жогорку Кеңештеги жүз жыйырма депутаттын саны кыскартуу сунушун айтып өтүштү.
Бакыт Бакетаев жыйындын жүрүшүндө парламенттик башкаруу системасындагы бир катар мамлекеттердин мисалына токтолуп, алардын өнүгүү багытындагы кадамдарын айтып берди. Кыргызстан бул кадамдардан алыс эмес, башкысы темирдей бекем тартип, күчтүү мыйзам болушу шарт.
11-декбарда өтүүчү жалпы элдик референдумду тынч жана таза өткөрүп алуу учурдун талабы экенин жыйынга келгендер баса белгилешти. Буга чейин бир катар мекеме уюмдарда, айыл аймактарда баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жыйындар өткөрүлүп, колдоого ээ болууда.