Жаңылыктар
Картошканы Өзбекистанга сатуу сүйлөшүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Картошканы Өзбекистанга сатуу сүйлөшүлдү

Ысык-Көл менен Нарын облустарындагы фермерлер өндүргөн картошка эми Өзбекстанга экспорттоло баштайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстанда жайгашкан соода өкүлчүлүгү кабарлады. Тактап айтканда кыргыз жергесинде өндүрүлгөн картошканы ири өлчөмдө Өзбекстанга экспорт кылуу маселеси сүйлөшүлгөн. 

Өзбекстандагы ишкерлер менен келишимге ылайык алгачкы партияда миң тонна өлчөмүндөгү картошканы ташуу пландалган. Айыл чарба өндүрүмү алгач лабораториялык текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана туруктуу тартип менен ири көлөмдө коңшу өлкөгө жөнөтүлүп турат.