Жаңылыктар
Экспорт өстү, кезек күткөндөр көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Экспорт өстү, кезек күткөндөр көбөйдү

Ысык-Ата районундагы “Ак-Тилек” кыргыз-казак чек ара өткөрмө көзөмөл бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралып, 500 унаа күтүп турат. Чек арага жакын аймакта ири транспорттун мындай топтолушу - айыл чарба азыктарын экспорттоо иши көбөйгөндүгүнө байланыштуу жыл сайын боло келген сезондук көрүнүш. Тез бузула турган азык-түлүк продукциялары менен жаныбарларды жүктөгөн унаалар кезексиз ыкчам коё берилүүдө. 

Эки өлкөнүн тең чек ара кызматтары жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөө киргизген жок. Чектеш аймактардагы бардык өткөрмө пункттары кадимки штаттык режимде иштеп жатат», - деп билдирет Чек ара кызматы.