Жаңылыктар
К.Көлбаевдин унаалары аукционго коюлат
Кыргызстан жаңылыктары
 К.Көлбаевдин унаалары аукционго коюлат

Камчы Көлбаевдин кымбат унааларын аукционго коюп, сатылат. Бул туурасында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматынан кабарлашты. Электрондук аукцион 11-декабрда саат 12:00дө башталат. Ага катышууну каалагандар 20-ноябрдан 11-декабрга чейин арыз калтырса болот. Темир тулпарлардын сунуштаган баштапкы басы төмөндөгүдөй: 2021-жылкы BMW Alpina XB7 - 18 млн. сом; 2019-жылкы Hyundai Genesis - 2,8 млн. сом; 2019-жылы Kia Rio X-Line - 1,15 млн. сом; 2017-жылкы Mercedes-Benz S600 - 25,5 млн. сом; 2013-жылкы Mercedes-Benz G500 - 5,4 млн. сом; 2005-жылкы Toyota Land Cruiser Prado - 1, 25 млн сом. 

Алты автоунаанын жалпы баасы азырынча 54,1 миллион сом болууда. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Көлбаевдин мүлкү, автоунаалары мамлекетке ыктыярдуу түрдө өткөрүү боюнча келишимдин негизинде аукционго коюлганын билдирип, документке анын үй-бүлө мүчөлөрү кол койгонун кошумчалады.