Жаңылыктар
"Карек" кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Маданият
"Карек" кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Тарых жана маданият жылына карата өтүп жаткан “Карек” аттуу биринчи республикалык балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын жыйынтыгы чыкты. Фестивалга 6 жаштан 17 жашка чейинки балдар өздөрү тарткан фильмдери менен катышкан. Балдардын тарткан фильмдери белгилүү режиссёрлор тарабынан бааланып, сыйлыктар тапшырылды. 

 Кинофестивалды кичи "Оскар" катары тааныса да болот. Залда кыргыз киносунун мыктылары, режиссёрлор, белгилүү актёр, актрисалар да отурушту. Балдар жараткан кинонун алгачкы көрүүчүлөрү, сынчылары жана айрым фильмдердин продюсери катары салым кошкон ата-энелер да келишкен.

Кинофестивалга республиканын түрдүү аймактарынан 87 көркөм, документалдык жана анимациялык тасмалар жиберилген. Алардын 23үн атайын комиссия финалдык баскычка тандап алган. Балдар жана өспүрүмдөрдүн арасында өтүүчү бул сыяктуу фильмдер дүйнөдө эсептелүү гана, ал эми Орто Азия боюнча Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат.
Эң татаал жанрлардын бири - документалистика. Калыстардын айтуусунда, сынакка коюлган документалдык фильмдердин мыктысын тандап алуу да абдан татаал болгон. Анткени, алардын ар бири башкы байгеге татыктуу тартылган. Жыйынтыгында, “Мыкты документалдык фильм” номинациясын Алтынай Таалайбек кызы “Битик” фильми менен жеңип алды.
Жеңүүчүлөргө “Карек” статуэткалары менен кошо жеке киностудиялар тарабынан 70 миң сом акчалай сыйлыктар дагы тапшырылды. Фестивалда Актан Арым Кубат, Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров сыяктуу мыкты режиссёрлор калыстык кылышкан. Алар кыргыз киносунун эртеңкиси бар экенине ишеним артышты.