Жаңылыктар
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасын жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасын жеңди

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын командасы менен беттешти.

Оюн 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

"Ак шумкарлардын" оюнуна президент Садыр Жапаров да күйөрмандык кылды.

Биринчи тайм 0:0 менен аяктады, экинчи таймдын башында Кыргызстан эсепти ачты. Одилжон Абдурахманов атаандаштын дарбазасына гол киргизди.

Оюн 1:0 эсеби менен "Ак шумкарлардын" жеңиши менен аяктады.

Кыргызстан – Оман беттешине ФИФА калысы Муд Бонядифард жетекчилиги алдындагы Ирандын арбитрлер бригадасы калыстык кылды. Башкы калыска Саед Гасеми жана Алиреза Илдором жардам беришсе, Каземи Сейдвахид резервдик арбитрдин милдетин аткарды.

Белгилей кетсек, бул "Ак шумкарлардын" тайпадагы экинчи беттеши.

16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын курамасы менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңилип калган. Оюн Куала-Лумпур шаарындагы "Букит Жалил" стадионунда өткөн.