Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Омандын курамаларынын беттешин көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен  Омандын курамаларынын беттешин көрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Д. Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Омандын улуттук курамаларынын ортосундагы футболдук беттешти көргөнү барды.

Беттеш Дүйнө чемпионаты - 2026 тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасын 1:0 эсебинде жеңип алды.