Жаңылыктар
Спортчуларга жана машыктыруучуларга спорттук наамдар ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Спортчуларга жана машыктыруучуларга спорттук наамдар ыйгарылды

 Бишкекте күн мурун спортчуларга жана машыктыруучуларга спорттук наамдар ыйгарылды. Аларды Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов тапшырды.

Маалыматка ылайык, спорттун түрлөрү боюнча "КР эл аралык класстагы спорт чебери" наамы 25 спортчуга, ал эми спорттун түрлөрү боюнча "КР спорт чебери" наамы 60 спортчуга жана "КР эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамдары ыйгарылды.