Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлдү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди. Анын айтымында, сөз курулуш иштери 2027-жылга белгиленген бүтө элек батирлер жөнүндө болуп жатат.
Ошондой эле ал муну менен катар 2023-жылдын 10 айында 38 жер тилке жана үй, 356 унаа мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөнүн белгиледи.